2025-жылдын 7–9-ноябрында Бишкек шаарында дүйнөнүн 73 өлкөсүнөн келген 659 спортчуну бириктирген самбо боюнча Дүйнө чемпионаты болуп өттү.
Спорттун жекеме-жеке түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу Асеков Даниел 58 кг салмак категориясындагы мушташ самбосу боюнча мыкты таймаштарды көрсөтүп, ишенимдүү жеңишке жетти жана алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиону болду.
Бул чоң жетишкендик биздин спортчулардын жогорку даярдык деңгээлин жана Кыргызстанда самбону өнүктүрүүдө спорттун жекеме-жеке түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн ордунун манилүүлгүн дагы бир ирет далилдейт.
Даниелди жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана эл аралык аренада мындан ары да чоң ийгиликтерди каалайбыз!

