8–9-ноябрь күндөрү «Мушкетеры» фехтование клубунда Бишкек шаарынын фехтование спорту боюнча чемпионаты болуп өттү. Мелдешке борбор калаадан келген 40ка жакын спортчу катышты.
8-ноябрда эркектер жана аялдар арасында жеке таймаштар өткөрүлүп, катышуучулар жогорку деңгээлдеги техниканы, мыкты даярдыктагы таймашын көрсөтүштү.
9-ноябрда командалык беттештер өтүп, анда катышуучулар команда менен иштей билүүсүн, стратегиялык ой жүгүртүүнү, командалык фехтованиенин негизги сапаттарын көрсөтүштү.
Мелдешке борбор калаанын профессионалдык спортчулары катышты.
Эркектер арасындагы жеңүүчүлөр:
1-орун — Исламов Рустам;
2-орун — Конев Сергей;
3-орун — Бакытбек уулу Илим;
3-орун — Мойдунов Акмаль.
Аялдар арасындагы жеңүүчүлөр:
1-орун — Кеңешова Акак;
2-орун — Перелюбская Мария;
3-орун — Муталипова Дильдора;
3-орун — Куралбекова Амина.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери грамоталар жана дипломдор менен сыйланышты.
Иш-чаранын уюштуруучулары Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Кыргыз Республикасынын фехтование федерациясы болду.




