Жибек-Жолу проспектиси менен Будённый көчөсүнүн кесилишинде жол чырактар кайрадан ишке кирип, алар толугу менен жаңыланды.
Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы менен аталган кесилишке жөө жүргүнчүлөр үчүн убакытты көрсөтүп турган функциясы бар 8 жаңы жол чырак орнотулду. Бул жергиликтүү тургундардын жана кесилиштин жанында жайгашкан №51 мектептин окуучуларынын жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Жолду реконструкциялоо учурунда эски транспорттук жол чырактар убактылуу жылдырылып, жол чырактардын кабелдери жараксыз абалга келген. Жаңылоонун алкагында жаңы кабелдер тартылып, системанын иши толугу менен калыбына келтирилди.
Бүгүнкү күндө бардык транспорттук жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырактар штаттык режимде иштеп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда.



