Бишкек шаарынын  мэриясы жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө айрым токтомдорду жокко чыгарганын жарыялайт.

Бул чечим Бишкек шаарынын  муниципалитетине таандык жерлерди натыйжалуу пайдаланууну жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Токтомдордун жокко чыгарылышы төмөнкү жер тилкелерине тиешелүү, анткени алар өздөштүрүлбөйт.

5-кичирайондо жайгашкан 0,15 гектар жер тилкеси.

Тынчтык  проспектисинде (азыркы Ч. Айтматов проспектисинде) жайгашкан 1,1 гектар жер тилкеси.

Көк-Жар конушу, Молдокулов көчөсүндө жайгашкан 0,8 гектар жер тилкеси.

Ибраимов көчөсү, 86 дарегинде  жайгашкан 0,11 гектар жер тилкеси.

Тынчтык проспектисинде (азыркы Ч. Айтматов проспектисинде) жайгашкан 0,48 гектар жер тилкеси.

Бул жерлер берилгенден тартып көп убакыттан бери өздөштүрүлбөй келген.

Бишкек шаарынын  мэриясы бул багыттагы ишин улантат.