Борбор калаада мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы фестивалдын II шаардык туру салтанаттуу түрдө ачылды. Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 токтомуна («Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө») ылайык уюштурулду.
Салтанаттуу ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Өзүнүн кайрылуусунда ал мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүүгө жана өнүктүрүүгө шарт түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бардык катышуучуларга шыктануу, ишеним жана жеңиштерди каалады.
Фестивалга жалпы 23 уюм катышууда. Алардын катарында балдар жана чоңдор бирикмелери, коомдук фонддор жана реабилитациялык борборлор бар. Конкурс жети номинация боюнча өтүүдө: вокал, хордук ыр, көркөм окуу, музыкалык аспаптарда ойноо, мода көрсөтүү, пантомима жана бий.
Мындан тышкары, кол өнөрчүлүк боюнча да — кийиз буюмдары, жыгач жана металл иштетүү, макраме, мончок менен жасалгалоо, акварель жана башка чыгармачылыктын түрлөрү көрсөтүлүүдө.
Фестиваль жыл сайын таланттуу катышуучуларды бириктирип, алардын өнөр деңгээлинин өсүшүн көрсөтүү менен борбор калаада инклюзивдүү маданиятты өнүктүрүүгө маанилүү платформа түзүп келет.





