Бишкек шаарынын мэриясынын Отун-энергетикалык комплекси департаменти алдыдагы 2025–2026-жылдардын жылытуу мезгилине карата шаар тургундары үчүн 240,2 миң тонна көмүр даярдоо пландалганын билдирет. Көмүр даярдоо иштери 2025-жылдын июль айынан тарта башталып, жыл аягына чейин улантылат.
2025-жылдын 11-ноябрына карата даярдалган көмүрдүн көлөмү 159,43 миң тоннаны түздү, бул пландын 66,3% пайызына барабар.
Учурда көмүрдүн калдыгы төмөнкүдөй:
•отун базаларында – 3 741 тонна;
•стационардык сатуу жайларында – 195тонна;
•«Кыргызкөмүр» ААК отун базаларында – 350 тонна.
Бишкек шаарынын мэриясынын Отун-энергетикалык комплекси департаменти Энергетика министрлиги, Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Муниципалдык инспекциясы, ошондой эле акимчиликтердин жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү менен биргеликте катуу отун запастарын текшерүү, чекене бааларды көзөмөлдөө жана 0-13 мм көмүрдү сатууну, сактоону жана пайдаланууну көзөмөлдөө үчүн бардык отун кампаларын жана көмүр сатуу пункттарын текшеришти.Текшерүүнүн жүрүшүндө көмүрдүн баасы 5 800 сомдон 8 000 сомго чейин экени, ал көмүрдүн маркасына жана чыккан жерине жараша өзгөрөрү аныкталды.
Мындан тышкары, шаар тургундары жана көмүр сатуучулар менен жолугушуулар өткөрүлүп, көмүр сатуудагы учурдагы абал боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында калкка көмүр сатуу үчүн 10 отун базасы жана бир катар стационардык сатуу пункттары иштеп жатат.
Отун базалары:
Ленин району:
1.Мурман көч., 126;
2.Мурман көч., 45/2. “Кара Тоо” ЖЧКсы;
3.Мурман көч., 122, 122а. “Береке” ЖЧКсы;
4.Мурман көч., 1б. “Беш-Сары” ЖЧКсы;
5.Алыкулов көч., 3;
6.Ден Сяопин пр., 308/4. “Болотбеков” ЖИ;
7.Б.Алыкулов көч., 6б. “АбиевНурлан” ЖИ;
8.Б.Алыкулов көч., 1д/1.
Октябрь району:
1.Аламүдүн станциясындагы "Төкөлдөш" конушу, "Глобал Азия Пропертиз" ЖЧКсы.
Свердлов району:
1.Достоевский көч., 1. «Гефест» ЖИ.
Көмүр сатуучу стационардык пунктар:
Свердлов району:
1. «Лебединовка» МАБ, Жеңиш проспекти, №23;
2.Жеңиш проспекти, №289;
3. «Биримдик-Кут» конушу, 26-контур;
4. «Ак-Жар» конушу, борбордук көчө;
5. «Аламүдүн» МАБ, Алмата көчөсү, №262;
6. «Төмөнкү Ала-Арча» МАБ, Кыргыз көчөсү, 1/а;
7.Кыргыз көчөсү №8, 10, 12, 20, 24;
Октябрь району:
1.Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши;
2.Көк-Жар айылы, 20-квартал, 7-Апрель көч., №32, Мадиева көч., 38;
3. «Көк-Жар» конушу, Полевая көч., 1/7;
4. «Кара-Жыгач» конушу, Оберон жана Сары-Өзөн көчөлөрүнүн кесилиши;
5. «Төкөлдөш» конушу, Сары-Өзөн көч., 98а;
6. «Рухий Мурас» конушу, Анкара жана Биринчи көчөлөрүнүн кесилиши.
Биринчи май району:
1.Пригородное айылы, Юбилейная көчөсү, №50;
2.Озерное айылы, Школьная жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
3.Щербаков көчөсү, №121;
4.«Алтын-Бешик» конушу, Мыскал жана Мидин көчөлөрүнүн кесилиши;
5.Кызыл-Кыя көчөсү, №172;
6.«Калыс-Ордо» конушу, айланма жол №207 МАБ;
7. «Калыс-Ордо» конушу айланма жол;
8.Жаш Гвардия, №177.