Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын мектептеринде билим берүү процессинин  токтотулушу тууралуу интернетте тараган маалыматтар чындыкка дал келберин билдирет.

Бишкек шаарындагы бардык билим берүү мекемелеринде окуу-тарбиялоо процесси бекитилген окуу планына ылайык кадимки тартипте жүргүзүлүп жатат. Эч кандай сабактар, анын ичинде ийримдер жана кошумча сабактар кыскартылган же токтотулган эмес.

№38 мектептин администрациясы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын ишенимдүү жана расмий булактарга гана кайрылууга, социалдык тармактардагы жалган же такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.