Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында  мэрдин орун басары Виктория Мозгачева №1075, №1076 жана №1077 участкалык шайлоо комиссияларын жеринде текшерип чыкты.

Текшерүү учурунда шайлоо участокторун материалдык-техникалык жактан камсыздоого, жайлардын даярдыгына, зарыл жабдуулардын болушуна жана шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Текшерүүдөн кийин участкалык шайлоо комиссияларынын белгиленген талаптарга ылайык шайлоону өткөрүү үчүн бардык зарыл жабдуулар менен камсыз болушун көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.