"Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги" муниципалдык ишканасы (Агенттик) - сөөк коюу кызматтарын, ошондой эле көрүстөндөрдү кармоо жана көрктөндүрүү менен байланышкан кызматтарды көрсөткөн Бишкек шаарындагы жалгыз муниципалдык ишкана. Агенттик муниципалдык мүлктүн базасында түзүлгөн жана сөөк коюуну уюштуруу, ритуалдык кызматтарды көрсөтүү, ритуалдык продукцияларды даярдоо, ошондой эле шаардык көрүстөндөрдү тейлөө жана иштетүү менен алектенет.
Агенттиктин түзүмүнө табыттарды, кресттерди, аза күтүү ленталарын, фотокерамикаларды жана гүлчамбарларды жасоочу жайлар, ошондой эле 13 адистештирилген унаадан турган автопарк кирет.
Агенттиктин негизги кызматтары:
* сөөк коюу жана кайра көмүү документтерин даярдоо;
* сөөк коюуну уюштуруу жана маркумду ташуу;
* сөөк коюуга керектүү буюмдарды (табыттарды, гүлчамбарларды, кресттерди, такталарды, эмаль сүрөттөрдү ж.б.) жасоо жана сатуу;
* сөөк коюуга керектүү буюмдарды жана жабдууларды ижарага берүү;
* Сөөктөрдү башка шаарларга жеткирүү.
Буйрутмалар төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат:
Орозбеков көчөсү, 344а;
Сүйөркулов көчөсү, 3, Регионалдык соттук-медициналык экспертиза борборунун жанындагы күркө.
Жумуш убактысы: саат 8:30дан 17:30га чейин тынымсыз.
Телефондор: (0312) 37-02-93, 0558 80-10-10, 0508 83-10-10.
Бишкек шаардык милиция бөлүмү менен тез байланышуу үчүн төмөнкү номерлер боюнча диспетчердик кызмат иштейт:
(0312) 37-07-30, 0550 95-73-77 же 19-06 кыска номери.
2025-жылдын 22-январында Агенттик жана Бишкек ШИИББ соттук-медициналык экспертиза объекттерин акысыз ташуу жөнүндө келишимге кол коюшту, бул РСМЭБ органдарынын жана адистеринин ыкчам жеткирилишин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №67 токтомуна ылайык, граниттен, мрамордон жана баалуу таштардан жасалган кооз эстеликтерди, мемориалдарды жана тосмолорду орнотуудан баш тартуу сунушталат.
Мүрзө таштарынын бийиктиги 0,7 метрден ашпашы керек, ал эми тосмолор зарыл болгон учурда гана, жакшысы жөнөкөй жана арзан материалдардан орнотулушу керек.