"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадасы борбордун муниципалдык унаа токтотуучу жайларына жол белгилерин чийүү боюнча иштерди активдүү жүргүзүүдө.

Бүгүнкү күндө Турусбеков көчөсү боюнча Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүнө жаңы белгилер чийилип жатат.

Иштер муниципалдык унаа токтотуучу жайларды уюштурууга жана тартипти жогорулатууга багытталган. Буга чейин унаа ээлери унааларын башаламан токтотуп, бир эмес, эки унаа токтотуучу жайды ээлешкен.

Урматтуу шаар тургундары! Унааларды атайын токтоочу жайларда гана калтырып, унаа токтотуучу жайдын эрежелерин сактоону суранабыз.