«Акниет» турмуштун оор кырдаалында турган балдар үчүн борборунда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү борбордун тарбиялануучуларына мыйзамдарды сактоонун маанилүүлүгү, укукка каршы аракеттерди жасагандыгы үчүн жоопкерчилик, ошондой эле жашы жете элек балдардын укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымат беришти. Укуктук маданиятты калыптандырууга, аң-сезимди жогорулатууга жана коомдо коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Бүгүнкү күндө «Акниет» борборунда 4 жаштан 18 жашка чейинки 46 бала жашайт. Мекеме 70 орунга ылайыкталган. Борбор оор турмуштук кырдаалга кабылган жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга комплекстүү социалдык, медициналык-психологиялык жана педагогикалык жардам көрсөтөт.

Мындай профилактикалык иш-чараларды өткөрүү ички иштер органдары менен социалдык мекемелердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, ошондой эле өсүп келе жаткан муунда мыйзамга болгон жоопкерчилик жана урматтоо сезимин калыптандырууга өбөлгө түзөт.