2025-жылдын 11-ноябрынан 15-ноябрына чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында шаардык фестивалдын II туру өткөрүлөт.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө» токтомун аткаруу максатында, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынан декабрь айына чейин уюштурулуучу айлыктын алкагында, мэриянын Маданият башкармалыгынын планына ылайык өткөрүлөт.
Бул фестивалга катышуу үчүн 23 уюмдан арыз келип түшкөн: 11 балдар, 12 чоңдор жана коомдук бирикмелер, фонддор жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрү менен алектенген реабилитациялык борборлор. Калыстар тобунун курамына Кыргыз Республикасынын элдик, эмгек сиңирген артисттери, сүрөтчүлөрү жана жогорку окуу жайларынын доценттери, маданияттын мыкты кызматкерлери кирди. Көркөм чыгармачылык боюнча фестиваль 25 жылдан бери жети номинация боюнча өтүп келет:
1. Вокал
2. Хор музыкасы
3. Көркөм окуу
4. Музыкалык аспаптарда чыгармаларды аткаруу
5. Мода көрсөтүү
6. Пантомима
7. Бий (жеке же жамааттык) Кол өнөрчүлүк конкурсунда кийиз, жыгач, макраме, бисер токуу, акварель жана башка иштер көрсөтүлөт. Жыл сайын калыстар тобу аткаруучулук чеберчиликтин байкаларлык өсүшүн жана жамааттардын активдүү катышуусун белгилешет.














