Кыргыз Республикасынын Жаштар күнүнө карата Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаанын жаш тургундарын куттуктап, жаңы муундун активдүү өкүлдөрүнө сыйлыктарды тапшырды.

Сыйлык тапшыруу аземи «Жаштык» спорт аренасынын ачылышы жана «Кыялымдагы Кыргызстан» улуттук жаштар форумунун алкагында өттү.

Иш-чарада жаштар саясатына активдүү катышкандыгы жана борбор калаанын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн мэриянын Ардак грамоталары тапшырылды. Сыйлык алгандардын арасында Кыргыз Республикасынын маданият министринин орун басары, жаштар уюмдарынын лидерлери, бий ансамблдеринин өкүлдөрү жана шаардык долбоорлордун активисттери болду.

Майрамдык иш-чара чыгармачыл жамааттардын жана жаш аткаруучулардын катышуусундагы концерттик программа менен жыйынтыкталды.