Бишкек шаарында капиталдык реконструкциядан кийин жаңыланган спорт аренасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты.

Ачылыш аземинде өлкө башчысы жаңыланган объектке «Жаштык арена» деген жаңы символдук ат берүүнү сунуштады. Бул аталыш жаштык, энергия жана өнүгүүгө умтулуу духун чагылдырат. Мурун арена Дөлөн Өмүрзаковдун ысымын алып жүргөн.

Спорт комплекси 5 000 көрүүчүгө ылайыкталган, имараттын жалпы аянты 15 342 чарчы метрди түзөт. Бул эл аралык стандарттарга ылайык жабдылган заманбап үч кабаттуу жана жер төлөсү бар имарат.

Жер төлөдө автоунаа токтотуучу жай, техникалык бөлмөлөр, электр калканы жана жылуулук түйүндөрү жайгашкан.
Биринчи кабатта машыгуу залы, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, жууну жайлары, медициналык бөлмө жана конференц-зал бар.
Экинчи кабатта фуд-корт, кампалар, санитардык жана техникалык бөлмөлөр, ошондой эле көрүүчүлөрдүн трибуналары жайгашкан.
Үчүнчү кабатта VIP-зал жана кошумча көрүүчүлөр үчүн орундар каралган.

Көп тармактуу арена спорттук мелдештерди, эл аралык турнирлерди, концерттерди жана маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн түзүлгөн.

Ачылыш аземинде Президент Садыр Жапаров футбол тобуна кол коюп, аны символдук түрдө келечек муундарга белек катары тапшырды.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев өлкө башчысын комплекстин инфраструктурасы менен тааныштырды. Алар биргеликте машыгуу залдарын, кийим алмаштыруучу жайларды кыдырып көрүштү жана «Кыялымдагы Кыргызстан» улуттук жаштар форумуна арналган концерттик программага катышышты.

Форумдун алкагында жаш лидерлер, ишкерлер, спортчулар жана дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин бүтүрүүчүлөрү өз демилгелерин сунуштап, өлкөнүн келечеги боюнча көз караштарын бөлүшүштү. Алар коомдун өнүгүшүнө активдүү катышууга, инновацияларды киргизүүгө жана мамлекеттүүлүктү чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.