«Бишкекжылуулуктармагы»  муниципалдык ишканасы борбор калаадагы турак үйлөрдө гидравликалык режимди жөнгө салуу жана аныкталган бузулууларды жоюу иштерин активдүү жүргүзүп жатат.

Жылуулук берүү системасын ишке киргизүү маалында ишкананын техникалык кызматкерлери төмөнкү даректеги жылуулук тармактарындагы бузулууларды аныкташты:

5-кичирайон, №17 турак үйдүн түштүк тарабы;
7-кичирорайон, А. Токомбаев көчөсү, «Глобус» дүкөнүнүн унаа токтотуучу жайы;
Куруучулар шаарчасы, №8 турак үйдүн түндүк тарабы;
Чүй проспектиси, №117 турак үй;
Шабдан Баатыр проспектиси, №47 турак үйдүн түндүк тарабы;
«Учкун» кичирайону, №18 турак үйдүн түндүк тарабы;
Сүйүмбаев көчөсү, 2 жана Герцен көчөсү, 1 — короо ичинде;
Ленин проспектиси (Лермонтов жана Мамыркалиев көчөлөрүнүн ортосу).
Бузулууларды тез арада жоюу үчүн ишкананын адистери жөө өтмөктөрдүн жана айрым өтмөктөрдү жарым-жартылай жабылышы менен жер казуу иштерин жүргүзүүдө. Бардык иштер жылуулук берүү өчүрүлбөстөн аткарылууда.
Ишкананын кызматкерлери жабыркаган бөлүктөрдү мүмкүн болушунча тез калыбына келтирүү жана жылуулукту туруктуу берүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.
«Бишкекжылуулуктармагы» МИсинин башкы максаты-  шаар тургундарын үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу жана системанын ишенимдүү иштешин камсыздоо.

Ишкана борбордун тургундары жана конокторун оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.