Бүгүн, 8-ноябрда, «Билимкана Арена» спорт комплексинде Бишкек шаарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кенешинин командалары арасында өтүүчү салттуу “Бишкек шаарынын мэринин кубогу” мелдешинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева ачты. Ал өз сөзүндө Мэрдин кубогу шаардык түзүмдөрдү бириктирген, жамаат арасындагы ынтымакты чыңдаган жана спорт маданиятын жайылтууга өбөлгө түзгөн маанилүү иш-чарага айланганын белгиледи. Ошондой эле бардык катышуучуларга ийгилик, биримдик каалады.
Мелдештер сегиз спорт түрү боюнча өтүүдө: кичи-футбол, волейбол, стол стүндөгү теннис, шахмат, дартс, ордо, аркан тартыш жана бильярд спорту.
Жалпысынан мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн 22ден ашуун команда активдүү катышууда.
Мелдештин максаты – Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жарандардын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, эмгек жамааттарында дене тарбия менен спортту өнүктүрүү жана мэрия кызматкерлерин спортко катышууга тартуу болуп саналат.
Спартакиада 1-ноябрда башталып, 7-декабрга чейин уланат.








