Бишкек шаарынын мэриясы «Чатыр-Көл» кинотеатры боюнча токтом долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине макулдашууга жөнөттү. Токтом долбоорунун негизинде учурда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу болгон кинотеатрды Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүп алуу пландалууда.

Мэрия жергиликтүү бюджеттин эсебинен аталган имаратты жаңылап кайра куруу боюнча милдеттенме алып жатат. Бишкек шаардык архитектура башкармалыгы тарабынан объекттин эскиздик планы даярдалды. Токтом долбооруна кол коюлгандан кийин, имаратта демонтаждоо иштери жүргүзүлүп, анын ордуна заманбап маданий борбор курулат. Бул маданий борбордо шаар тургундары жана коноктору үчүн бардык шарттар түзүлүп, унаа токтотуучу жай жана керектүү инфраструктура каралат.

Бишкек шаарынын мэриясы мындай долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбага ээ. Мисалы, буга чейин «Трудовые резервы» спорт комплекси Билим берүү министрлигинин карамагынан мэрияга өткөрүлүп, капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин «Алга» ден соолукту чыңдоо спорт комплекси катары ишке берилген. Ошондой эле мурда Спорт комитетине караган кичи арена азыр мэриянын карамагына өтүп, оңдоп-түзөө иштери аяктап, 10-ноябрда салтанаттуу ачылышы өтөт.

Мэрия «Чатыр-Көл» кинотеатры боюнча да ушундай эле ыкма менен иш алып барып, бул аймакты шаардыктар эс алып, маданий иш-чараларга катыша турган жайга айлантууну көздөп жатат.