Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин демилгеси менен, министр Канат Сагынбаевдин жетекчилиги алдында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин кеңейтилген ведомстволор аралык координациялык жыйыны болуп өттү.

Координациялык жыйынга Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басар Виктория Мозгачева, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарлары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коом институттарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында Координациялык кеңештин мүчөлөрү төмөнкү маселелерди карашты:

үй-бүлө жана балдардын укуктарын коргоо тармагындагы учурдагы кырдаалга баа берүү;

алдын алуу чараларынын жана ишке ашырылып жаткан программалардын натыйжалуулугун талдоо;

мамлекеттик жана коомдук институттардын үй-бүлөлүк зомбулук учурларына жооп кайтаруудагы өз ара аракеттенүүсүн изилдөө;

«Нике жана үй-бүлө» коомдук институтун жандандыруу жана коомдук аң-сезимде үй-бүлө идеологиясын бекемдөө маселелери.

Негизги максат — үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктун алдын алуу жана андан коргоо боюнча биргелешкен чараларды күчөтүү, ведомстволор аралык кызматташуу механизмдерин өркүндөтүү, кадрдык потенциалды чыңдоо жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү.

Талкуунун жүрүшүндө Виктория Мозгачева калктын билим деңгээлин жогорулатууга жана үй-бүлөнүн оң үлгүлөрүн калыптандырууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүгө, ошондой эле зомбулуктан жабыркагандарды коргоо жана жардам көрсөтүү системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен чечимдер жана сунуштар кабыл алынары белгиленди.