Бишкек шаарында жер мунапысына кирген жер участоктору боюнча маалыматтарды тактоо иштери  уланууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаментинин адистери райондук администрациялардын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери менен биргеликте жер-жерлерде тактоо иштерин улантып жатышат.

Бул иштер мэр Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө жана такталган жер участору жер мунапысы боюнча комиссия тарабынан каралат.

Бүгүнкү күндө адистерден турган жумушчу топ Ак-Ордо, Лесхоз, Учкун, Ак-Жар жана Орто-Сай конуштарында  жер тилкелерин тактап жатышат.

Эскерте кетсек, жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде борбор калаанын бардык райондорунда жер мунапысы боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Жеринен тактоо иштеринин жыйынтыгы боюнча адистер тарабынан актылар түзүлүп, жер мунапысы  боюнча комиссиянын кароосуна  киргизилет.