Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт!
Талыкпаган эмгегиңиздер менен сүйүктүү шаарыбыздын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп жатасыздар. Сиздер күн сайын окуялардын чордонунда болуп, шаардын жашоосун кесипкөйлүк жана коом алдындагы жоопкерчилик менен чагылдырып келесиздер. Сиздердин эмгегиңиздердин аркасында ишенимге, ачык-айкындуулукка жана жарандык активдүүлүккө негизделген атмосфера түзүлүүдө.
Ар бир эмгегиңиздер жакшылык алып келип, адамдарды бириктирип, сүйүктүү Бишкек шаарыбыздын жана бүтүндөй өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошсун!
Сиздерге чың ден соолук, чыгармачылык эргүү жана жаңы кесиптик ийгиликтерди каалайбыз!
