2025-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарынын ИИББнын имаратында экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, мамлекеттик органдардын ишин координациялоо жана өз ара кызматташууну чыңдоого арналган семинар-тренинг өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын «Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамынын жана экстремизм менен терроризмге каршы чараларды күчөтүүгө багытталган Министрлер Кабинетинин токтомдорунун алкагында уюштурулду.
Семинарга Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана райондук администрациялардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө экстремизмдин жайылышына түрткү берген социалдык факторлор, жаштар менен алдын алуу иштери, репатриациядан кийин жарандардын коомго кайра адаптацияланышы жана мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусу сыяктуу маселелер талкууланды.

