"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Конституциялык мыйзамын жана "Жарнама жөнүндө" мыйзамын аткаруу максатында Биринчи Май районунда дагы бир рейд өткөрүлдү.
Рейдди Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы, муниципалдык инспекция жана Бишкек шаарынын Башкы архитектура жана курулуш башкармалыгы биргелешип Н. Исанов жана Тоголок Молдо көчөлөрүндө уюштурушту.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпысынан 126 мыйзамсыз жайгаштырылган жарнама конструкциясы демонтаждалып, Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык сегиз протокол түзүлдү. Жалпы айып пулдун суммасы 40 миң сомду түздү.
Мындан тышкары, Свердлов районунда Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы менен биргеликте Гоголь көчөсүнүн боюнда, №12 жана №20 турак жай имараттарынын жанындагы жеңил конструкциялардын демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Бул иш-чаралар Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык аткарылып, шаардык мейкиндикти пайдаланууну жакшыртууга, тургундардын коопсуздугун жана ыңгайлуу жашоо шарттарын камсыз кылууга багытталган.
Бул аймакта жети жеңил конструкция алынууда.
Борбор калаадагы бардык жарнамалар мыйзамдын талаптарына жооп бериши үчүн мындай иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлө берет.




