2025-жылдын 7-ноябрында ичүүчү суу менен камсыздоо саат 8:00дөн 24:00гө чейин өчүрүлөт.
Диаметри 500 мм болгон суу түтүктөрүндөгү авариялык кырдаалга байланыштуу суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелген:
Осмонкул көчөсү Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин, Москва көчөсү, Ибраимов көчөсү жана Фрунзе көчөсүндө.
"Бишкексууканал" ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт.
