Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен "Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм" ишканасы аялдамаларга жана коомдук транспорттун алдына токтоп, кыймылга тоскоолдук жараткан унааларга каршы масштабдуу рейд өткөрүүдө.

Урматтуу айдоочулар, коомдук транспорттун жүрүшүнө тоскоолдук жаратпоо үчүн аялдамаларга унааңыздарды токтотпооңуздарды суранабыз.