Шаардын коммуналдык кызматтары көчөлөрдү жана тротуарларды кардан тазалоону күчөтүлгөн тартипте улантууда. 2025-жылдын 5-октябрына карата жолдорду музга каршы аралашма менен тазалоо үчүн 13 жол тейлөөчү техника, 21 "Беларусь" трактору жана бир фронталдык жүктөгүч тартылды.
Шаардын жол тармагына болжол менен 38,5 тонна туз себилген. Байтик баатыр, Правда жана 7-апрель көчөлөрүндөгү негизги жолдордо жана жол өтмөктөрүндө тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Ишке 930дан ашык коммуналдык кызматкер тартылган. Бардык иш-чаралар Бишкек мэриясынын көзөмөлүндө жана шаардык кызматтар күнү-түнү нөөмөттө туруп, унаалардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз кыймылын камсыз кылууда.





