Биринчи Май райондук администрациясында 307, 394 жана 383-контурлардын тургундары менен райондун жетекчилиги жер мунапысы маселесин талкуулоо боюнча жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу учурунда тургундар жерди трансформациялоо, менчик укугун тастыктоочу документтерди каттоо жана жер участокторун мыйзамдаштыруу процесси боюнча суроолорун беришти.
Район башчысынын биринчи орун басары Р. Ы. Жолдошов жер мунапысынын негизги жоболору жана этаптары жөнүндө кеңири түшүндүрмө берип, тургундардын суроолоруна жооп берди.
Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучуларына жер мыйзамдарын сактоо, уруксатсыз курулуштарды болтурбоо жана жерди мыйзамсыз басып алуунун алдын алуу зарылдыгы эскертилди.
Белгилей кетсек, коомчулукту маалымдоо жана укуктук жол-жоболорду өз убагында түшүндүрүүнү камсыз кылуу максатында, шаар боюнча жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.