Бишкек шаарынын мэриясынын Санариптик технологиялар борбору "Менин шаарым" тиркемесинде «Муниципалдык менчикти ижарага алуу» аттуу жаңы функция ишке киргенин маалымдайт.

Бул функция ижарачылардын ыңгайлуулугу үчүн иштелип чыккан. Ал убакытты үнөмдөөгө, мекемелерге барып кагаз документтер менен иштөө зарылдыгын жоюуга жардам берет.

Жаңы функция аркылуу колдонуучулар:
Ижара келишимдерин көрө алышат;
Төлөм мөөнөтү тууралуу эскертмелерди алышат;
Ижара акысын онлайн төлөп, операциялардын тарыхын көзөмөлдөй алышат.
Бардык иш-аракеттер онлайн, коопсуз жана ачык-айкын жүргүзүлөт.

Ижарачылар жаңы функцияны колдонуп башташып, анын ыңгайлуулугун жана ыкчамдыгын белгилешүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын муниципалдык кызматтар менен ыңгайлуу жана өз убагында өз ара аракеттенүү үчүн санариптик сервистерди активдүү пайдаланууга чакырат.