Бишкек шаарында жер мунапысына кирген жер тилкелери боюнча маалыматтарды тактоо иштери активдүү уланууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментинин адистери райондук администрациялардын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери менен биргеликте жер тилкелерине чыгып, тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул иш мэр Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык жүргүзүлүп, жер мунапысына кирген объектилер боюнча материалдар атайын комиссиянын кароосуна киргизилет.

Учурда 446-контурда, ошондой эле Учкун жана Лесхоз конуштарында жер тилкелерин тактоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле тактоо иштерин жүргүзүү шаардын бардык райондорунда жарандардын арыздарынын негизинде улантылууда.

Тактоо аяктагандан кийин адистер тарабынан тиешелүү актылар түзүлүп, жер мунапысы боюнча комиссиянын кароосуна жиберилет.