Бахрейн Королдугунун борбору Манама шаарында өткөн III Жаштар Азия оюндарында спорттун жекеме-жеке түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу Рамазан Тянгубер джиу-джитсу боюнча мелдеште биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынды.
Рамазан 69 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, турнирдин эң жогорку наамына ээ болду.
Джиу-джитсу боюнча мелдештер 29–30-октябрда Манама шаарындагы Exhibition World Bahrain (EWB) конгресс-көргөзмө борборунда өттү.


