2025-жылдын 18-октябрынан 1-декабрына чейин Бишкек шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында Инклюзивдик спартакиада өтүп жатат. Спартакиада 10 спорт түрүн камтыйт: шахмат, шашки, стол үстүндөгү теннис, кичи футбол, волейбол, армрестлинг, пауэрлифтинг, грек-рим күрөшү, таэквондо (WT) жана сууда сүзүү.
Спорттун жекеме-жеке түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн базасында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында шашки боюнча мелдеш өттү. Турнирге ар кандай мүмкүнчүлүк деңгээлиндеги балдар, өспүрүмдөр, кыздар жана чоңдор катышты.
Мелдештин жыйынтыктары:
Чоңдор, эркектер арасында жеңүүчүлөр:
1-орун – Жумагулов Нуркалый;
2-орун – Мажитов Бекиш;
3-орун – Шайырбек уулу Бекзат.
Чоңдор, аялдар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун – Халитова Танзыля;
2-орун – Кенжебек кызы Алтынай;
3-орун – Дүйшенбекова Сезим.
Өспүрүм балдар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун – Акимов Нуртилек;
2-орун – Келсинбеков Билалы;
3-орун – Талантбеков Нурэл.
Өспүрүм кыздар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун – Ильязова Лейла;
2-орун – Жекшенбаева Аделина;
3-орун – Таалайбекова Алтынай.
Угуусу начар балдар (уулдар) арасында жеңүүчүлөр:
1-орун – Орозбаев Татыбек;
2-орун – Жыргалбеков Нурэл;
3-орун – Файзуллаев Акылбек.
Угуусу начар кыздар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун – Түлөкабылова Нурбу;
2-орун – Өмүркулова Нурай;
3-орун – Кимсанова Раяна.
Ошондой эле Инклюзивдик спартакиаданын алкагында №46 мектептин спорт залында өспүрүм жигиттер жана кыздар арасында волейбол боюнча мелдештер өттү.
Жигиттер арасында жеңүүчүлөр:
1-орун – ОРАБӨСМ-1;
2-орун – ОРАБӨСМ-2;
3-орун – Угуусу начар балдар үчүн №21 Республикалык интернат-мектеби.
Кыздар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун – ОРАБӨСМ-1;
2-орун – Бишкек шаардык дүлөйлөрдүн баштапкы уюму;
3-орун – Угуусу начар балдар үчүн №21 Республикалык интернат-мектеби.
Инклюзивдик спартакиаданын алкагында кичи футбол боюнча да мелдештер өттү. Жыйынтыгында орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун – Бишкек шаардык дүлөйлөрдүн баштапкы уюму;
2-орун – Бишкек шаардык дүлөйлөрдүн баштапкы жаштар уюму;
3-орун – Угуусу начар балдар үчүн №21 Республикалык интернат-мектеби.
Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундарды ээлеген катышуучулар, ошондой эле алардын өкүлдөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан кубок, медаль, диплом жана эстелик белектери менен сыйланышты.



