Бишкек шаарында М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан өткөрүлгөн орус тили боюнча "Говорю на великом" аттуу масштабдуу олимпиада башталды.

2025-жылдын 4–7-ноябрында Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарынын жогорку класстарынын окуучуларынын арасында «Менин тарыхым» гуманитардык колдоо фонду жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин колдоосу, Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги менен биргеликте олимпиада өткөрүлөт.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери дипломдорунан жана сертификаттарынан тышкары эстелик белектерди алышат жана 2026-жылы Эл аралык жайкы билим берүү мектебине катышышат.

Белгилей кетсек, аталган олимпиадага борбор калаадагы муниципалдык мектептердин 980 окуучусу катышууда.