Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушe жана шаар куруу департаменти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жобого ылайык иштер уланып жатканын билдирет.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментинин адистери райондук муниципалдык администрациялардын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын адистери менен биргеликте жер мунапысына туш болгон объекттер боюнча тактоо жана аларды комиссиянын кароосуна даярдоо үчүн күн сайын жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Эскерте кетсек, борбор калаанын бардык райондорунда жумушчу топтор түзүлгөн жана жеринде тактоо иштери жарандардын тапшырган арыздардын негизинде жүргүзүлүп жатат.


