Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, борбор калаада жер мунапысы боюнча иштер активдүү уланууда.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү мекемелер менен биргеликте жер мунапысына туш болгон объекттер боюнча комиссиялык иштерди улантууда.
Октябрь районунда комиссия 13 материалды Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгына шаар куруу корутундусун даядоо үчүн чечими кабыл алынды, ошондой эле 165 материал тиешелүү кызматтардын корутундуларын алууга жөнөтүлдү.
Бул багыттагы иштер уланууда.



