2025-жылдын 4-ноябрында саат 20:00дөн 6-ноябрдын саат 16:00гө чейин төмөнкү даректер боюнча жылуулук тармактарын оңдоо иштерине байланыштуу жылуулук берүү убактылуу токтотулат.

- Учкун кичи району, 8, 8/1, 8/2, 9, 11, 12, 14, 15, 16, 18, 19, 20, 21, 22, 33, 24а, 24б;
- Казан Булак көчөсү, 10;
- Үч тулга көчөсү, 15.

Ошондой эле 2025-жылдын 4-ноябрында саат 13:00дөн 9-ноябрдын саат 16:00гө чейин төмөнкү даректер боюнча жылуулук тармактарын оңдоо иштерине байланыштуу жылуулук берүү убактылуу токтотулат.

- А. Сүйүмбаев көчөсү, 2;
- Т. Герцен  көчөсү 1, 6.

2025-жылдын 4-ноябрынан 6-ноябрына чейин төмөнкү даректерде жылуулук тармактарын оңдоо иштерине байланыштуу жылуулук өчүрүлөт:

- Чүй проспектиси 115, 117, 119

Жылуулук берүү мезгилинде тармактарда айрым техникалык мүчүлүштүктөр жана түтүктөрдүн жарылуусу сыяктуу кырдаалдар жаралышы мүмкүн. Аныкталган бардык учурлар дароо ишке алынып, адистер аларды мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жоюу боюнча чараларды көрүшөт.

“Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы шаар тургундарынан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууларын өтүнөт.