2025-жылдын 6-ноябрында саат 10:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы:
* Энесай конушу,
* Дордой-1 конушу,
* Дордой-2 конушу.
Энесай суу алуучу жайында жана шаардын суу менен камсыздоо тармактарында оңдоо иштерине байланыштуу суу өчүрүлөт.
"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
