Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйындын  алкагында шаардагы бир катар маанилүү долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышты.

Көчмө жыйындан алкагында биринчи пункт Д. Өмүрзаков атындагы кичи арена болду. Шаар башчысы объектти карап чыгып, бардык иштерди сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө – ноябрда өтө турган салтанаттуу ачылышка чейин бүтүрүүнү тапшырды.

Айбек Джунушалиев өзгөчө көңүлдү пандустарды орнотуу жана резина чектегичтерди коюу маселелерине, ошондой эле айлананы көрктөндүрүү иштерин ылдамдатууга бурду. Мэр унаалар, велосипеддер жана самокаттар үчүн ыңгайлуу токтотмо жайларды караштыруу боюнча тапшырма берди.

Андан соң мэр Чүй проспектисинде  Шопоков көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки тилкеде курулуп жаткан заманбап жер алдындагы өтмөк жана көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулуш аянтчасына барды. Бүгүнкү күндө пландалган иштердин болжол менен 80 пайызы аткарылган. Калаа башчысы объектти көрүп,  материалдардын жогорку сапатын жана курулуштун ойлонулган архитектуралык көрүнүшүн камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, Айбек Джунушалиев Жибек Жолу проспектисиндеги №23 орто мектеп-гимназиясынын курулушунун жүрүшүн текшерди. Бул жерде мэр долбоорду кеңейтүүнү – чатырында спорт аянтчасы бар беш кабаттуу имарат куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Көчмө жыйындын  жыйынтыгында шаар башчысы бардык кызматтардын тыгыз жана ыкчам иш алып барышынын маанилүүлүгүн белгилеп, жооптуу аткаруучулар демилгелүү болуп, муниципалдык долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашуусу үчүн өз убагында чечим кабыл алышы керектигин баса белгиледи.