Борбор калаада мугалимдер арасында "Кыз-жигит Сармерден" оюну  өттү
Б.Сарногоев атындагы №100 мектепте Октябрь районунун мугалимдеринин арасында "Кыз-жигит Сармерден" оюну өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин "Улутук нарк жөнүндө " Жарлыгын аткаруу максатында уюштурулду.
Калыстар тобунун курамына Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетектөөчү адиси Айнура Сооронбаева, Кыргыз Республикасынын Улуттук Манас театрынын директору Нурбек Талантбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасынын ээси, Эл аралык Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын ээси Нурдөөлөт Копоев,  Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, көптөгөн конкурстардын жана фестивалдардын номинанты, ырчы Байыш Момунов кирди.
Жыйынтыгында командалардын катышуучулары ыраазычылык каттарын жана эстелик белектерди алышты.
Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар улуттук баалуулуктарды, маданиятты, салтты даңазалоо жана мугалимдердин чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү максатында өткөрүлүп келет.



 
                    