Активдүү узак жашоо: улгайган жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу чаралары талкууландыБишкекте Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан иштелип чыккан, улгайган жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган активдүү узак жашоо программасы талкууланды.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Министрдин орун басары Айнура Орозбаева, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, ЮНФПАнын аналитиги Асель Тургунова, Европалык социалдык камсыздоо борборунун кеңешчиси Александр Сидоренко жана "Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбор" бейөкмөт уюмунун төрайымы Светлана Баштовенко сөз сүйлөштү.

2022-жылдагы эл каттоонун негизинде жазылган "Кыргыз Республикасындагы калктын картайышы: кыйынчылыктар жана келечек" аттуу аналитикалык сереп сунушталды. Эксперт Валентин Богатырев социалдык саясатты калктын өзгөрүп жаткан курактык түзүмүнө ылайыкташтыруу зарылдыгын белгиледи.

2025-2030-жылдарга карата "Активдүү узак жашоо" мамлекеттик программасын иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду, анын жүрүшү жөнүндө Назгүл Чолумова билдирди. КМШ өлкөлөрүнөн келген эксперттер улгайган адамдарды коомдук жашоого тартуу боюнча ийгиликтүү тажрыйбалар менен бөлүшүштү.

Бишкек шаарынын муниципалитети карыларга колдоо көрсөтүү чараларын ишке ашырууда.  "Үмүт үйү" жана "Ардагер" мекемелери иштеп, 48 социалдык кызматкер 535 жалгыз бой карыяга жардам берип жатат. Карыларга стипендия, турак жай гранттары, коммуналдык кызматтар жана акысыз жол кире берилет.

Катышуучулар мамлекеттин, коомдун жана эл аралык өнөктөштөрдүн күч-аракетин бириктирип, улгайган жарандар үчүн активдүү карылык маданиятын жана татыктуу жашоону калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.