Биринчи май району: Жерге мунапысы боюнча 64 арыз жактырылды
"Жер укуктук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 "Жерге мунапыс берүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясынын жыйындар залында Жерге мунапыс берүү боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.
Комиссиянын жыйынында жалпысынан 64 арыз жактырылды.
Мындан тышкары, комиссия министрликтердин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан 390-контурга байланыштуу маселелерди талкуулады. Талкуу учурунда тиешелүү корутундуларды чыгарууга байланыштуу маселелер каралды.
Бул багыттагы иштер уланууда.


 
                    