Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык мүлктү ижарага алган жарандарга кайрылат
Бишкек шаарынын мэриясы 2025-жылдын IV чейрегине карата ижара акысын төлөө жана мурдагы карыздарды жабуу зарылдыгын эскертет.
Ижара келишимине ылайык, ар бир ижарачы өз убагында ижара төлөмдөрүн жүргүзүүгө милдеттүү. Азыркы учурда Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери ижарачыларга, анын ичинде карызы барларга, ижара боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү зарылдыгы тууралуу эскертүү менен байланышып жатышат.
Мэрия ижарачылардан бул маалыматты көңүлгө алып, учурдагы карыздарын төлөп, жылдын төртүнчү чейрегине тиешелүү ижара акысын белгиленген мөөнөттө төлөп берүүнү суранат.
Белгилей кетсек, ижара акысы 2 айдан ашык мөөнөткө төлөнбөсө, келишим бир тараптуу тартипте жокко чыгарылышы мүмкүн.
Карыздын болушу төмөнкү чаралардын колдонулушуна алып келет:
* сот аркылуу өндүрүү жана келишимди жокко чыгаруу;
* укук коргоо органдарына кайрылуу;
* электр жана суу менен камсыздоону токтотуу (5 жыл жана андан узак мөөнөткө берилген жер тилкелери үчүн);
* күн сайын 0,1% өлчөмүндө туум эсептөө, бирок карыздын 25%ынан ашпаган өлчөмдө;
* ижара акысы 3 айдан ашык мөөнөткө төлөнбөгөн учурда же келишимдин шарттары бузулганда жеңил конструкциядагы объектилерди демонтаждоо.
Эгерде бул талаптар аткарылбаса, төлөбөгөн ижарачылардын тизмеси мэриянын расмий сайтына жайгаштырылып, ЖМКларга жөнөтүлөт.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору:
Жер тилкелери (5 жыл жана андан көп мөөнөткө берилген):
* Ленин району – 0550 120 121
* Свердлов району – 0701 461 652
* Октябрь району – 0997 992 006
* Биринчи Май району – 0708 622 555
Турак эмес жайлар боюнча: 0500 449 329
Жеңил типтеги объектилер боюнча:
* Ленин району – 0553 232 333
* Биринчи Май жана Свердлов райондору – 0771 028 975
* Октябрь району – 0509 700 075
 
                    