Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Полицейский шаарчасында жайгашкан Кадыр-Ата көчөсүн асфальттоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Жалпысынан көчөнүн башынан аягына чейин узундугу  430 метр, туурасы 7 метр болгон бөлүккө жаңы асфальт төшөлүүдө. Жолдун жээгине жаңы бордюрлар коюлуп, ирригациялык тармак орнотулду.

Иштердин жыйынтыгында Кадыр-Ата көчөсүнүн жол кыймылы коопсуз жана ыңгайлуу болуп, шаарчанын тургундары үчүн кыймыл шарттары кыйла жакшырды.

Белгилей кетсек,  буга чейин аталган аймактагы көрктөндүрүлө турган каналдын жээгинде мыйзамсыз жайгашкан соода түйүндөрү болгон. Алардын бардыгы алынып,  учурда аймак таза, коопсуз жана заманбап көрүнүшкө ээ болду.