Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгы астында "Бишкек санитардык полигон" муниципалдык ишканасында жыйын өттү.

Жыйын   катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү жана электр энергиясын өндүрүү боюнча эко-технологиялык завод долбоорун ишке ашыруунун алкагында өттү.

Жыйындын жүрүшүндө объектини ишке киргизүүгө даярдык көрүү, ошондой эле курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшү боюнча маселелер талкууланды.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, заводду ишке киргизүү боюнча даярдык иштери башталды.

Жыйынга Биринчи май районунун башчысы Сарылбек уулу Улан, тиешелүү министрликтердин, Бишкек шаарынын мэриясынын, "Тазалык" жана "Бишкек санитардык полигон" муниципалдык ишканаларынын жана подряддык уюмдардын  өкүлдөрү катышты.