Бишкек шаарынын мэриясы 2050-жылга чейинки Бишкек шаарынын Башкы планынын долбоору боюнча коомдук угуулар өтөрүн маалымдайт. Коомдук угуулар 2025-жылдын 24–25-декабрында райондор боюнча төмөнкү даректерде өткөрүлөт:
Ленин жана Биринчи Май райондору – Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 168а;
Октябрь району – Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын жыйын залында;
Свердлов району – Бишкек шаары, Үсөнбаев көчөсү, 200/1.
Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоору менен төмөнкү жерлерден таанышууга болот:
электрондук түрдө – Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтынан (https://bishkek.gov.kg/ru/post/32391) же bishkek@meria.kg электрондук почтасы аркылуу сурап алууга болот.
кагаз түрүндө – Бишкек шаарынын мэриясында, дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 188, 2-кабат, №2 кабинет.
Бардык сунуштар жана пикирлерди genplan.bishkek@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот же болбосо Бишкек шаарынын мэриясынын бирдиктүү терезесине (Чүй проспектиси, 166) Кыргыз Республикасынын "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Мыйзамына ылайык, "Башкы план 2050" деген белгиси менен кагаз түрүндө калтырууга болот.
Коомдук угууларды өткөрүү убактысы угуу болорго бир жума калганда кошумча кабарланат.