Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык жер тилкелеринде жайгашкан 1000ден  ашуун гаражды бузуу иштери башталганын маалымдайт.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы гараж ээлерине 5 (беш) күндүн ичинде муниципалдык жерди бошотуп, гараждарды өз ыктыяры менен демонтаждоо зарылдыгы тууралуу эскертме берген. Азыркы учурда Репин – Космическая көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакта 701 гараж бузулууга тийиш, алардын 93 өз ыктыяры менен алынып салынды.
Бошотулган жер тилкелери балдар бакчаларын куруу үчүн пайдаланылып, шаардык инфраструктураны жакшыртууга жана балалуу үй-бүлөлөр үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары, мэриянын комиссиясынын чечими менен П. Лумумба көчөсү, 48 дарегиндеги аймакта дагы 422 гараж бузулат. Азыркы учурда алардын 20дан ашыгы алынып салынды.


Бул жерге шаар тургундары үчүн эс алуу жана сейилдөөчү жашыл аймак – жаңы сквер куруу пландаштырылууда.
Бишкек шаарынын мэриясы гараж ээлерин түшүнүү менен кабыл алууга жана кызматташууга чакырат. Бардык иштер мыйзам чегинде жүргүзүлүп, борбор калааны көрктөндүрүүгө жана жашоочулардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган.