2025-жылдын 28-октябрында турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу өчүрүлөт.

Өчүрүү аймагы:
- Мурас-Ордо конушу  саат 9:00дөн 15:00гө чейин.
- Калыс-Ордо конушу саат 9:00дөн 15:00гө чейин.

Мурас-Ордо жана Калыс-Ордо суу алуучу жайларындагы жана шаардын суу менен камсыздоо тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү токтотулат.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана  ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.