Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын Ж.Шералиев атындагы №6 балдар искусство мектебинин "Жаш канат" элдик хореографиялык ансамбли 2025-жылдын 18-октябрында Түркестан шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн II Эл аралык көп жанрлуу NURAY ART FEST сынагында Кыргызстанды татыктуу көрсөттү.
Бул абройлуу чыгармачыл фестивалды «Nuray» искусство борбору уюштуруп, ар кайсы өлкөлөрдөн келген таланттуу аткаруучуларды бириктирди.
Сынактын жыйынтыгында «Жаш Канат» ансамбли төрт Гран-при жана эки Супер Гран-при наамдарын жеңип алып, бий өнөрүнө болгон жогорку деңгээлдеги чеберчилигин, артисттик дараметин жана чыгармачылыкка берилгендигин дагы бир жолу далилдеди.
Бул жетишкендиктер окутуучулар курамынын кесипкөйлүгүнүн жана берилгендигинин аркасында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү жана маданият тармагынын мыкты ишмери Канат Фаткулиндин жетекчилиги астында мүмкүн болду.
"Жаш Канат" ансамбли Ж.Шералиев атындагы №6 балдар искусство мектебинин сыймыгы жана эмгектин, таланттын жана искусствого болгон сүйүүнүн татыктуу жемишин берип, чет өлкөлөрдөгү кыргыз маданиятынын имиджин бекемдей тургандыгынын жаркын мисалы болуп саналат.







