Бишкек шаардык А. Умуралиев атындагы драма театрында 7-, 8- жана 9-ноябрда саат 19:00дө Ф. М. Достоевскийдин «Дядюшкин сон»  повестинин негизинде  спектаклинин премьерасы болот.

Спектакль Россия Федерациясынын Маданият министрлигинин жана «Русские сезоны» уюмунун колдоосу менен коюлат.

«Дядюшкин сон» — бул провинциалдык анекдот сыяктуу окуя, бирок Достоевский аны чеберчилик менен провинциянын каармандарынын жана адеп-ахлагынын бүтүндөй галереясына айланткан.

Бул спектакль үй-бүлөлүк көрүүчүлөр үчүн даярдалган маанилүү маданий окуя болуп, ал ар кандай муундарды бириктирет, көрүүчүлөрдө окууга болгон кызыгууну ойготот жана түбөлүктүү баалуулуктар — сүйүү, сулуулук жана адамдык нарк жөнүндө ой жүгүртүүгө түрткү берет. Спектакль гротеск жана фарс элементтерине бай, каармандар курч, өзгөчө жана эксцентрик мүнөздөрү менен көрсөтүлөт.

Спектаклдин коюучулары: режиссёр — Уланмырза Карыпбаев, сценограф — Садыр Ниязакунов, костюм боюнча сүрөтчү — Зухра Мукамбетова, хореограф — Резеда Гаянова (Санкт-Петербург).