Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын эл артисти Бакыт Тилегенов жетектеген эл аспаптар оркестри 28–29-октябрда Казакстандын Актөбө шаарында өтө турган "Жубановтар әуені – 2025" эл аралык оркестр фестивалына катышат.
"Жубановтар әуені – 2025" фестивалы дүйнөнүн ар тарабынан келген эң мыкты элдик аспаптар оркестрлерин бириктирген эң ири маданий иш-чаралардын бири болуп саналат. Кыргыз ансамблинин катышуусу маданий байланыштарды өнүктүрүүгө жана чет өлкөлөрдө улуттук музыкалык искусствону жайылтууга маанилүү салым кошот.



