Бишкекте жарандык коргонуунун республикалык командалык-штабдык машыгуулары аяктады. Алар Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонууга даярдык планына ылайык эки күнгө созулду. Жабылуу аземи бүгүн №2 Жылуулук электр борборунда өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышты. Ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чатыр модулдары көрсөтүлдү, алар өзгөчө кырдаал учурунда жайгаштырылышы мүмкүн. Бул модулдар жабырлануучуларды убактылуу жайгаштыруу, медициналык жардамды уюштуруу, эвакуациялоо жана зарыл кызматтарды көрсөтүү үчүн иштелип чыккан.

Көрсөтмө машыгууларга шаардын бардык кызматтары катышты. Бул чатырларды орнотуу коопсуз жерлерди тандоону, зарыл ресурстарды, жабдууларды жана персоналды — куткаруучуларды, медициналык кызматкерлерди жана ыктыярчыларды камсыз кылууну камтыйт.

Мэр Бишкек шаарынын мэриясы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте  мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга  багытталган бир катар чараларды активдүү ишке ашырып жатканын белгиледи.

«Сиздердин эмгегиңиздер жана активдүү катышууңуздар калкты коргоо боюнча жалпы максатка маанилүү салым болуп саналат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине жана машыгуунун бардык катышуучуларына жогорку деңгээлдеги даярдыгы жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирем», - деп баса белгиледи мэр.

Машыгуулардын негизги максаты өзгөчө кырдаалдар учурунда мамлекеттик органдардын, жарандык коргонуу күчтөрүнүн жана ресурстарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана координацияны машыктыруу болгон. Калкты жана аймактарды коргоо боюнча практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Катышуучулар жогорку деңгээлдеги даярдыкты көрсөтүштү жана берилген тапшырмаларды натыйжалуу аткарышты. Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн уюштуруучулук, маалыматтык жана техникалык даярдыгы, ошондой эле кырдаалды тез баалоо жана зарыл чечимдерди кабыл алуу жөндөмү текшерилди.