Бишкек шаарында 18-октябрдан 1-декабрга чейин мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасында Инклюзивдүү спартакиада өтүп жатат. Иш-чара 10 спорт түрүн камтып, аларга - шахмат, шашки, стол үстүндөгү тенниси,  кичи футбол, волейбол, армрестлинг, пауэрлифтинг, грек-рим күрөшү, таэквондо WT жана сууда сүзүү кирет.

Иш-чаранын максаты — инклюзивдүү спортту өнүктүрүү жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды активдүү, сергек жашоо образына үндөө. Спартакиада Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан уюштурулууда.

Мелдештер чоңдор, жаштар жана балдар арасында жеке эсеп боюнча өтүүдө. Спартакиадага көрүүсү, угуу жөндөмү, кыймыл-аракет системасы (НОДА), борбордук нерв системасы (ЦНС) бузулган жана жеңил деңгээлдеги акыл-эс өзгөчөлүгү бар (СО) спортчулар катышууда.

23-октябрда Жекеме-жеке спорт түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн базасында угуу жана көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасында шахмат боюнча мелдештер өттү. Турнирге жалпы 69 спортчу катышып, алардын катарында балдар, өспүрүмдөр, кыздар жана чоңдор болду.

Балдар арасындагы жеңүүчүлөр:
1-орун — Жаанбаев Арген;
2-орун — Алишеров Равил;
3-орун — Надырбеков Иман.

Кыздар арасындагы жеңүүчүлөр:
1-орун — Медетова Бурулай;
2-орун — Таалайбекова Адинай;
3-орун — Ысмаилова Айбийке.

Эркектер арасындагы жеңүүчүлөр:
1-орун — Рахмат уулу Талас;
2-орун — Ким Эдуард;
3-орун — Алмазбеков Шабдан.

Аялдар арасындагы жеңүүчүлөр:
1-орун — Кудайбердиева Айтунук;
2-орун — Монолова Кымбат;
3-орун — Джылышбаева Чолпон.

Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундарды ээлеген катышуучулар, ошондой эле алардын машыктыруучулары жана дене тарбия мугалимдери Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан кубок, медаль, диплом жана белектер менен сыйланышат.